Saturday, December 8, 2007

Анекдот в тему, кыргызча.

Жаш келин экинчи класстагы баласы менен кыргыз тилинен сабак кылып отурушат. Суйломдорду толуктоо, берилген создордун арасынан туурасын таап. Суйлом, "Менин олком - менин ..."; берилген варианттар, а) Ак Жол, б) Социал Демократия, в) Ата Мекен.
Баласы: - Менин олком - менин ак жолум. Туурабы?
Апасы: - Жоок, балам, азыр эмес, эгер сен чоноюп, Кыргызстандын президенти болсон, ошондо мумкун ушинтип айтасын. Азырынча бул соз туура эмес.
Баласы: - Менин олком - менин со... сости... деморк....
Апасы: - Жааным, сен бул созду айталбайсын азыр, кичине дагы жакшы окуп чонойсон, маанисин тушунсон, ага чейин олкобуз чындап эле ошо сен айталбаган создой болуп калат, кудай буюрса.
Баласы: - аа, апа, эми билдим, тушундум, туурасын таптым, "Менин олком - менин Ата Мекеним"!
Апасы: - Ой азаматыыым! Туп-туура. Бирок катуу бакырба, антип айткан азыр кее бир адамдарга жакпайт.
Баласы: - Апа, эмнеге туура айтсам бироолорго жакпайт?...

No comments: